КРСУнун порталында кабыл алуу study.krsu.kg порталы кийинки категориядагы абитуриенттерге арналган:

Россия Федерациясы каржылаган бюджеттик орундарга конкурска катышып жаткан Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь жана Тажикстандын жарандарына;

Россия Федерациясы каржылаган бюджеттик орундарга кантип тапшырса болот?

РФ федералдык бюджетинен каржыланган, бюджеттик орундарга тиешелүү деңгээлдеги жогорку билимди биринчи жолу алып жаткан Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикистан жана Беларусь өлкөлөрүнүн жарандары КРСУнун конкурсу боюнча кабыл алынышат.


Чыгармачыл багыттардан тышкаркы, бардык багыттар/адистиктер үчүн сынактык (конкурстук) тандоо ЖРТ/ЕГЭ/ЕНТнин жыйынтыгынын негизинде (жарандыгына жана билим берүү мекемесин аяктаган өлкөсүнө жараша) жана абитуриенттин жеке өздүк жетишкендиктерин эске алуу менен, башкача айтканда, кирүү сынактарсыз (экзамендерсиз) жүргүзүлөт.

https://abit.krsu.edu.kg/images/files/docs/tvorch_konkurs.pdf
Чыгармачыл багыттар үчүн (Архитектура, Архитектуралык чөйрөнүн дизайны, Костюм жана текстиль өнөрү) сынактык тандоо электрондук каттоо башталганга чейин графикке ылайык чыгармачыл сынак (экзамен) түрүндө жүргүзүлөт.


Сынакка (конкурска) негизги тесттен белгиленген босого баллдан жогору балл алган абитуриенттер киргизилет. Тиешелүү предметтик тесттердин жыйынтыгы боюнча босого баллдан жогору балл алган абитуриенттер сынакка (конкурска) негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллдарынын суммасы боюнча катышышат жана катталууда артыкчылык укугуна ээ болушат.
Медициналык адистиктерге тапшыруу үчүн негизги тест (босого баллдан жогору) жана химия, биология предметтери боюнча тесттер (ар бир предмет боюнча босого баллдан жогору) милдеттүү болуп саналат.


КРСУда жүзөгө ашырылуучу багыттар жана адистиктер үчүн ЖРТнын предметтик тесттеринин тизмеси менен шилтеме боюнча таанышууга болот: https://abit.krsu.edu.kg/images/files/docs/ort/predmety_ort_krsu_2021.pdf


КРСУда жүзөгө ашырылуучу багыттар жана адистиктер үчүн ЕГЭнин предметтик тесттеринин тизмеси менен шилтеме боюнча таанышууга болот: https://abit.krsu.edu.kg/images/files/docs/bak_spec/PredmetyEGE2021.pdf


ЕНТнин жыйынтыктарынын болушу милдеттүү шарт эмес, бирок сынакка катышып жатканда, ЕНТнин жыйынтыгын бербеген талапкерге караганда артыкчылык берет.


Толук эмес жогорку кесиптик билим жөнүндө мамлекеттик диплому, жогорку кесиптик билимдин мамлекеттик академиялык күбөлүгү же жогорку же орто кесиптик билим жөнүндө мамлекеттик диплому бар адамдар биринчи курска кабыл алынат жана факультеттеги аттестациялык комиссиянын чечими боюнча кийинки курска которулушу мүмкүн.


Документтер качан кабыл алынат?

Документтерди кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу STUDY.KRSU.KG порталында 2021-жылдын 20-июнунда башталат жана 2021-жылдын 10-июлунда саат 12:00до аяктайт.
Өтүнмөнү (арызды) бир гана багыт/адистик боюнча каттоого болот.

Электрондук каттоодо тиркеле турган документтердин тизмеси

  • паспорттун скан-көчүрмөсү;
  • мамлекеттик үлгүдөгү орто мектепти (аттестат) же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин скан-көчүрмөсү;
  • 3x4 см өлчөмүндөгү фотосүрөттүн электрондук версиясы;
  • кабыл алуунун өзгөчө шарттарына жана жеңилдиктерге арыз берүүгө укук берген документтердин сканерленген көчүрмөлөрү;
  • ЖРТ сертификатынын скан-көчүрмөсү (Кыргызстан жарандары үчүн);
  • ЕГЭнин жыйынтыктары (Россия жарандары үчүн);
  • ЕНТ сертификатынын скан-көчүрмөсү (Казакстан жарандары үчүн);
  • КРСУ тарабынан өткөрүлгөн чыгармачыл экзамендин жыйынтыгы тууралуу күбөлүгү (чыгармачыл багыттарга тапшырып жаткан талапкерлери үчүн).

Кабыл алуунун атайын шарттары жана жеңилдиктери

Кабыл алууда атайын шарттар жана жеңилдиктер кийинки учурларда каралган:

  • Томолой жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган абитуриенттер. Каттоо учурунда ата-эненин каза болгондугу жөнүндө документтер (же ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө соттун чечими), камкорчулукка алуу жөнүндө соттун чечими, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.
  • Медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча тандап алган даярдоо багыты жана адистиги боюнча жогорку окуу жайда билим алууга каршы көрсөтмө берилбеген, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген абитуриенттер. Электрондук каттоодо абитуриент медициналык корутундунун сканерленген көчүрмөсүн берет.
күндүзгү жана сырттан окуу формаларына контракттык негизге тапшырып жаткан (Кыргыз Республикасынын жарандарынан башка) бардык чет өлкөлүк жарандарына;

Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикистан жана Беларусь  жарандары контракттык (келишимдик) негизге кантип тапшырат?


Россиянын, Казакстандын, Белоруссиянын жана Тажикстандын жарандары болгон абитуриенттер, ошондой эле жогорку кесиптик билими жөнүндө диплому бар (башкача айтканда, экинчи жогорку билим алган) Кыргызстандын жарандары study.krsu.kg порталындагы сынактык тандоодон ийгиликтүү өтсө, билим берүү жөнүндө документтин орточо упайынын негизинде келишимдик негизде окууга сунуш кылынышы мүмкүн. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТнин) жыйынтыктары талап кылынбайт.


«Архитектура», «Архитектуралык чөйрөнү дизайны», «Костюм жана текстиль өнөрү» чыгармачыл багыттарына тапшырып жаткан Россиянын, Казакстандын, Белоруссиянын жана Тажикстандын жарандары, ошондой эле жогорку кесиптик билим жөнүндө мамлекеттик диплому бар Кыргызстандын жарандары үчүн сынактык тандоо ЖРТ/ЕГЭ/ЕНТ/ билим жөнүндө документтин орточо баллынын жана графикке ылайык электрондук каттоо башталганга чейин университет тарабынан өткөрүлгөн чыгармачыл экзамендин жыйынтыгынын негиздеринде жүргүзүлөт.


КРСУда жүзөгө ашырылуучу багыттар жана адистиктер үчүн ЕГЭнин предметтик тесттеринин тизмеси менен шилтеме боюнча таанышууга болот: https://abit.krsu.edu.kg/images/files/docs/bak_spec/PredmetyEGE2021.pdf
ЕНТнин жыйынтыктарынын болушу милдеттүү шарт эмес, бирок сынакка катышып жатканда, ЕНТнин жыйынтыгын бербеген талапкерге караганда артыкчылык берет.


Толук эмес жогорку кесиптик билим жөнүндө мамлекеттик диплому, жогорку кесиптик билимдин мамлекеттик академиялык күбөлүгү же жогорку же орто кесиптик билим жөнүндө мамлекеттик диплому бар адамдар биринчи курска кабыл алынат жана факультеттеги аттестациялык комиссиянын чечими боюнча кийинки курска которулушу мүмкүн.


Документтер качан кабыл алынат?

Документтерди кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу STUDY.KRSU.KG порталында 2021-жылдын 20-июнунда башталат жана 2021-жылдын 10-июлунда саат 12:00до аяктайт.
Абитуриент кирүү сынгактарына катышуу үчүн документтерди электрондук каттоо тутуму аркылуу гана тапшырат. Почта бөлүмдөрү аркылуу документтерди кабыл алуу жүргүзүлбөйт.


Электрондук каттоодо тиркеле турган документтердин тизмеси

  • паспорттун скан-көчүрмөсү;
  • мамлекеттик үлгүдөгү орто мектепти (аттестат) же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин скан-көчүрмөсү;
  • 3x4 см өлчөмүндөгү фотосүрөттүн электрондук версиясы;
  • кабыл алуунун өзгөчө шарттарына жана жеңилдиктерге арыз берүүгө укук берген документтердин сканерленген көчүрмөлөрү;
  • ЖРТ сертификатынын скан-көчүрмөсү (Кыргызстан жарандары үчүн);
  • ЕГЭнин жыйынтыктары (Россия жарандары үчүн);
  • ЕНТ сертификатынын скан-көчүрмөсү (Казакстан жарандары үчүн);
  • КРСУ тарабынан өткөрүлгөн чыгармачыл экзамендин жыйынтыгы тууралуу күбөлүгү (чыгармачыл багыттарга тапшырып жаткан талапкерлери үчүн).

КРСУда котракттык (келишимдик) окутуунун баасы канча?

Бакалавриаттын багыттарында жана адистиктерде окутуунун наркын бул жерден таба аласыз.
https://abit.krsu.edu.kg/images/files/docs/kontrakt_2021.pdf

КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары КРСУга контракттык негизге кантип тапшырышат?

Россия Федерациясынын, Казакстан, Беларуссия жана Тажикстан жарандарынан тышкары башка мамлекеттердин жарандары  чет өлкөлүк жарандар катары кабыл алынат.

Абитуриенттердин суроолору болсо Чет элдик студенттер менен иштөө бөлүмүнө +996 312 662960 телефону же ird@krsu.edu.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.
Чет элдик талапкерлер үчүн сынактык тандоонун убактысы Эл аралык байланыштар бөлүмү менен макулдашуу боюнча тандоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

 

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин максаттуу кабыл алуусунун алкагында «Техносфералык коопсуздук» багытына бакалавриатка тапшырып жаткан абитуриенттерине.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин максаттуу кабыл алуусунун алкагында Техносфера коопсуздугу багытына кантип кирүүгө болот?

КРСУга максаттуу кабыл алуу тиешелүү профилдеги адистерди даярдоодо көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинин, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жана конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Абитуриенттердин суроолору болсо (+996-700)696566, (+996-550)646566 (WhatsApp гана) электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.