Сырттан окуу бөлүмү

Документтер качан жана кантип кабыл алынат?

Абитуриент кирүү сынгактарына катышуу үчүн документтерди электрондук каттоо тутуму аркылуу гана тапшырат. Почта бөлүмдөрү аркылуу документтерди кабыл алуу жүргүзүлбөйт.
Быйылкы жылдын ЖРТ сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары, 2020.edu.gov.kg порталында ЖРТнын турларынын графиги боюнча каттоодон өтүшөт.
Чет өлкөлүк жарандар (ЖРТнын жыйынтыктары жок болгондуктан) study.krsu.kg порталында 2021-жылдын 2-августунда саат 9: 00дөн 7-августунда саат 12: 00гө чейин (GTM +6) катталат.

КРСУга тапшыруу үчүн электрондук каттоо үчүн кандай документтер талап кылынат?

  • паспорттун скан-көчүрмөсү;
  • мамлекеттик үлгүдөгү орто мектепти (аттестат) же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин скан-көчүрмөсү;
  • 3x4 см өлчөмүндөгү фотосүрөттүн электрондук версиясы;
  • кабыл алуунун өзгөчө шарттарына жана жеңилдиктерге арыз берүүгө укук берген документтердин сканерленген көчүрмөлөрү;
  • ЖРТ сертификатынын скан-көчүрмөсү (Кыргызстан жарандары үчүн);
  • ЕГЭнин жыйынтыктары (Россия жарандары үчүн);
  • ЕНТ сертификатынын скан-көчүрмөсү (Казакстан жарандары үчүн).

Абитуриент кирүү сынгактарына катышуу үчүн документтерди электрондук каттоо тутуму аркылуу гана тапшырат. Почта бөлүмдөрү аркылуу документтерди кабыл алуу жүргүзүлбөйт.

Мектепти же колледжди аяктагандан кийин сырттан окуу бөлүмүнө кантип тапшырса болот?

Жогорку билимди биринчи жолу алып жаткан КР жарандары сырттан окуу формасына  жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыктарынын (ЖРТнин) негизинде гана окууга тапшырышат.
Босого балдан жогору упайлары бар предметтик тесттин болушу жалпы рейтингде эске алынат.
Бардык багыттарга сынактык (конкурстук) тандоо ЖРТ/ЕГЭ/ЕНТнин жыйынтыгынын негизинде (жарандыгына жана билим берүү мекемесин аяктаган өлкөсүнө жараша) жана абитуриенттин жеке өздүк жетишкендиктерин эске алуу менен жүргүзүлөт, башкача айтканда, кирүү сынактар (экзамендер) өткөрүлбөйт.

Орто кесиптик билим жөнүндө диплому бар абитуриенттер биринчи курска кабыл алынат жана факультеттеги аттестациялык комиссиянын чечими менен кийинки курстарга которулушу мүмкүн.

Университетти аяктагандан кийин сырттан окуу бөлүмүнө кантип тапшырса болот?

Мамлекеттик жогорку кесиптик билими жөнүндө диплому болгон учурда, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон абитуриенттер ЖРТнин жыйынтыктарын эсепке албастан конкурстук тандоону өткөн шартта, бакалавриат программалары боюнча келишимдик негизде биринчи курска кабыл алууга сунуш кылынышы мүмкүн. Факультеттеги аттестациялык комиссиянын чечими боюнча кийинки курстарга өтүүгө болот.
Эгерде сизде адис же магистрдик диплом болсо, анда келишимдик негизде магистратурада экинчи жогорку билимди ала аласыз.

 

ДОТ колдонгон сырттан окуу бөлүмүндө окутуу кандай жүргүзүлөт?

Университетте ДОТту пайдалануу менен окуу процесси персоналдык компьютерлер, web-камералар, проекциялык аппаратура, окуу процессинин катышуучулары үчүн окуу маалыматтары жана жумушчу материалдар жүктөлгөн локалдык жана обочолонгон серверлерге кирүү үчүн программалык камсыздоо менен, ошондой эле Интернетке чыгуучу локалдык түйүн менен жабдууланган компьютердик класстар менен камсыздалат.  
Окууга кабыл алынып жана Canvas дистанттык окутуу системасына каттоодон өткөндөн кийин студенттер аралыктан билим алышат (үйдөн, кеңседен ж.б.). Семестр ичинде ар бир студент жумушчу окуу планына ылайык ар бир предмет боюнча учурдагы тапшырмаларды жана чектик текшерүүлөрдү аткарышы керек жана баллдардын керектүү санын топтошу зарыл.   
Жылына эки жолу сессия жүрөт, студент ага катышышы керек.

Окуу мөөнөтү канча жылдан турат?

Сырттан окуу бөлүмүндө окуу мөөнөтү 5 жылдан турат.

Контракттык акысы канча?

Сырттан окуу бөлүмүндө контракттык акысы Кыргызстан жана Россия жарандары  үчүн 26000 сом, КМШнин башка өлкөлөрүнүн жарандары үчүн  - 30000 сом.

 

Сырттан окуу формасында окутуу келишимдик негизде гана жүргүзүлөт.

Бакалавр программасы боюнча сырттан окуу, кечки окуу бөлүмүндөгү багыттардын тизмеси

 
Багыттар ЖРТнин предметтик тесттери
Журналистика негизги тест, тарых же англ.тил
Транспорттук процесстердин технологиясы негизги тест, математика же физика
Инфокоммуникативдик технологиялар жана байланыш системалары