Бакалавриат/Специалитет

Жалпы маалымат

Тапшыруучуларга маалымат:

 

КРСУда Россия Федерациясы тарабынан каржыланган бюджеттик орундарга, Кыргыз Республикасынын гранттык (бюджеттик) орундарына жана контракттык негизге окууга тапшыруу мүмкүн.
2022-жылы электрондук каттоо жана конкурстук тандоо study.krsu.kg жана 2020.edu.gov.kg порталдарында алыскы форматта гана жүргүзүлөт. Абитуриенттин жеке катышуусу талап кылынбайт.

 

 study.krsu.kg порталы кийинки категориядагы абитуриенттерге арналган:

  • Россия Федерациясы каржылаган бюджеттик орундарга конкурска катышып жаткан Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь жана Тажикстандын жарандарына;
  • күндүзгү жана сырттан окуу формаларына контракттык негизге тапшырып жаткан (Кыргыз Республикасынын жарандарынан башка) бардык чет өлкөлүк жарандарына;
  • КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин максаттуу кабыл алуусунун алкагында «Техносфералык коопсуздук» багытына бакалавриатка тапшырып жаткан абитуриенттерине.

study.krsu.kg сайтында бир гана багытка/адистигине аныктама берсе болот.

 

2020.edu.gov.kg порталы ЖРТ-турларына катышып гранттык жана контракттык негизге тапшырып жаткан  абитуриенттерге арналган.

 

Кошумча маалымат: