2020.edu.gov.kg порталында кабыл алуу

ЖРТ турларына катышуу жөнүндө жалпы маалымат

"Абитуриент-Онлайн" порталында (2020.edu.gov.kg) КРСУга Кыргыз Республикасы тарабынан каржыланган гранттык орундарга, ошондой эле келишимдик негизде окууга өтүүгө болот. Быйылкы жылдын ЖРТ сертификатына ээ болгон абитуриенттер ЖРТ сертификатынын артында жарыяланган тур графигине ылайык, ЖРТ турларына катыша алат.
Абитуриент келишимдик жана (гранттык орундардын болушу шартында) гранттык негиздерге конкурска бир убакта катыша алат.
Босого баллдар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖРТнын 1-туру башталганга чейин белгиленет.
КРСУда жүзөгө ашырылуучу багыттар жана адистиктер үчүн ЖРТнын предметтик тесттеринин тизмеси менен кийинки шилтеме боюнча таанышууга болот: https://abit.krsu.edu.kg/images/files/docs/ort/predmety_ort_krsu_2021.pdf

 

"Абитуриент-Онлайн" веб-сайтына каттоого абитуриентке нускама (2020г.)
 
КРнын ББжИМнин гранттык орундарына жана контракттык орундарга кабыл алуу

Биринчи жолу жогорку билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары бардык багыттарга гранттык жана контракттык негизге жалпы республикалык тестирлөөнүн турунун жыйынтыгы боюнча окутуунун бардык түрүндө окууга кабыл алынат.

Чыгармачыл сынактан өтүүнү талап кылган багыттарга (Архитектура, Архитектуралык чөйрөнү дизайны, Костюм жана текстиль өнөрү) келишимдик негизге тапшыруу үчүн, ЖРТ турлары башталганга чейин КРСУда чыгармачылык сынактан өтүү керек.
ЖРТнин негизги тестинин боюнча босого баллдан төмөн балл алган абитуриенттер конкурска катыша алышпайт!
Тиешелүү предметтик тесттердин жыйынтыгы боюнча босого баллдан жогору балл алган абитуриенттер сынакка (конкурска) негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллдарынын суммасы боюнча катышышат жана катталууда артыкчылык укугуна ээ болушат. Медициналык адистиктерге тапшыруу үчүн негизги тест (босого баллдан жогору) жана химия, биология предметтери боюнча тесттер (ар бир предмет боюнча босого баллдан жогору) милдеттүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын гранттык (бюджеттик) орундарынын саны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет жана республикалык тестирлөөнүн биринчи туру башталганга чейин жарыяланат.

Гранттык орундарга конкурстан тышкары кабыл алуу

Конкурстан тышкары, жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу жана босого баллдан жогору балл алуу шартында, гранттык орундарга кийинки абитуриенттер кабыл алынат:
-  быйылкы жылы эң жогорку упай алгандар (ЖРТнин "Алтын сертификат" ээлери);
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 1-орунду ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери болуп эсептелген абитуриенттер, олимпиаданын предмети менен туура келген табигый илимдер, гуманитардык жана социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга абитуриенттердин тандоосу боюнча, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса;
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 2-орун алган абитуриенттер, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса, олимпиаданын предмети профилдүү болуп эсептелген адистиктерге жана багыттарга;
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 3-орун алган абитуриенттер, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса, олимпиаданын предмети профилдүү болуп эсептелген педагогикалык адистиктерге;
- ушул жылдын "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунун 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөрү, 2 жана 3-орунду ээлеген байге ээлери болгон абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышкан шартта, абитуренттин тандоосу боюнча конкурстун номинациясы туура келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга.


Контракттык негизге конкурстан тышкары кабыл алуу

Конкурстан тышкары, жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыктары босого баллдан жогору балл алуу шартында, келишимдик (контракттык) орундарга кийинки абитуриенттер кабыл алынат:
•    тоголок жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (учурдагы жылдын 1-октябрына карата 18 жашка чыккан);
•    медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча тандап алган даярдоо багыты жана адистик боюнча ЖОЖдо билим алууга тыюу салынбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
•    эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү (учурдагы жылы 1-3-орундарды ээлеген) олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган, тандалган ЖОЖдо даярдоо багытына жана адистигикке.

Негизги жана предметтик тесттердин көлөмү бирдей болгон абитуриенттерди тандоо механизми

Негизги жана предметтик ЖРТ тестинин көлөмү бирдей болсо, артыкчылыктуу укукка төмөнкү абитуриенттер ээ:
•    «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» же «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» спорттук наамга ээ болгон абитуриенттер*;
•    мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн абитуриенттер*;
•    мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө “Кыргызтест” системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сертификатына ээ болгон абитуриенттер*.
* тиешелүү тастыктоочу документтердин түп нускасы жана көчүрмөсү тапшырылган шартта

 

КРнын ББжИМнин гранттык (бюджеттик) орундарына талапкер болгон талапкерлердин назарына

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутууга мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобого ылайык, ЖОЖдон себепсиз же өз каалоосу менен чыгарылган учурда, тиешеси жок адистикке же окуу акысын төлөө менен келишим боюнча окууга өткөндүгүнө байланыштуу, гранттын ээси билим берүү уюмуна мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө адис даярдоого кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
Ошондой эле, грант ээси медициналык адистикти аяктагандан кийин багыт боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү.
Келишим боюнча окутууга калыбына келтирилген жана бүтүрүүчүлөрдү жеке бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жолдомосу менен окууну аяктагандан кийин иштөө боюнча милдеттенмени аткарууга макул болгон адамдар окутуунун наркын төлөөдөн бошотулат.

 

Документы